Баңгизатсыз келечек үчүн биргебиз!
18-март күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин Кт-1-23-тайпасынын студенттери “Баңгизатсыз келечек үчүн биргебиз!”- деген темада тарбиялык саат өтүштү. Куратору ф.и.к. Көчөрова Гүлүмкан Осмоновна тарбиялык маанидеги бир топ накыл сөздөрдү айтып, студенттерди баңгизатка азгырылбоого чакырды.
Баңгизат боюнча Батырова Диана баяндама жасап, студенттер кызыккан суроолорун берип, таасирдүү жоопторду алышты. Баңгилик дартка кабылган жаштардын келечеги жоктугун, коомчулукта жат көрүнүш экендигин баса белгилеп кетишти.