1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Кибер кылмыштуулук деген эмне жана андан кантип коргонууга болот?

28.04.2026-жылы Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-25 тайпасында куратор А.Шерипбаев “Кибер кылмыштуулук деген эмне жана андан кантип коргонууга болот?” деген темада кураторлук саат өттү жана төмөндөгү маселелерге токтолду.

Кибер кылмыштуулук - бул компьютерлерди, тармактарды же интернет-технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыш аракеттери. Бул жеке маалыматтарды уурдоо, интернет-алдамчылык, каржылык пирамидалар жана системаларды бузуу аркылуу адамдарга же уюмдарга зыян келтирүүчү аракеттерди камтыйт. Мындан тышкары, телефон аркылуу түрдүү алдамчылык жолдор менен канчалаган жарандарды сызга отургузуп кеткен учурлары 2026-жылдын башынан бери эле 1100дөн ашып, жалпы финансылык зыян 1 млрддан ашкандыгы белгилүү болгон. Бул өтө чоң жана зыяндуу, коркунучтуу кылмыш экендиги белгиленди.

Бул тема боюнча студенттер да слайддарды даярдап, кибер кылмыштуулук түрлөрүн жана жолдорун айтып беришип, мындан үй-бүлөдө, коомдук жайларда да сак болуш керек экендиги жана башкаларга да эскерте жүрүү зарылдыгын белгилешти.