1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

188

Кургак учуктан сак бололу!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында  2024-жылдын 18-март күнү КТ-1-22 тайпасынын студенттерине “Кургак учуктан сак бололу!” деген темада куратордук саат өтүлдү.

КТ-1-22 тайпасынын куратору А.Шерипбаев учурда кооптуу, коркунучтуу болуп жаткан илдет боюнча студенттерге маанилүү баяндама жасап кенири түшүндүрмө берди. Студенттер тарабынан бир топ суроолор берилип, куратор тарабынан толук кандуу жооп болуп, бул дарт боюнча толук маалымат ала алышты. Тайпанын кыздары куратордук саатта бир гана  өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтпөй, өз ара талкуулашып алдыга бир топ маселелерди да коё алышты.