1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

АДАБИЯТ – ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

Жалал-Абад областтык китепканасынын 100 жылдыгына жана 23-апрель – Китеп жана автордук укук күнүнө карата Жалал-Абад областтык Жазуучулар союзу тарабынан “Адабият – достуктун көпүрөсү” аттуу тегерек  стол жана адабий кече өткөрүлдү. Иш-чарага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекетик университетинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты.

Адабий кеченин “Авторлор менен жолугушуу” бөлүгүндө областтык Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Турдубүбү Кубатбекованын “Жашоо керемет” китебинин бет ачары болуп, жаш окурмандар арасында көркөм окуу кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынакка Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты профилинин студенттери  активдүү катышышып, байгелүү орундарды ээлешти.