Кургак учук менен күрөшөбүз
16-март күнү Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин филология факультетинин Кт-1-23 тайпасынын студенттерине “Кургак учук дартына каршы күрөшөбүз” -деген темада тарбиялык саат өтүлдү.
Кт-1-23 тайпасынын куратору ф.и.к. Г.Көчөрова аталган тема боюнча студенттерге маанилүү, мазмундуу баяндама окуп, кеңири түшүндүрмө берди. Студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Студенттерге темага байланыштуу суроолорго жооп берүү үчүн таркатма материалдар таркатылды, тапшырмаларды аткаруу үчүн топ- топ болуп иштешти. Студенттер бул дарт боюнча толук маалымат ала алышты. Кт-1-23 тайпасынын студенттери тарбиялык сабакта өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты.