1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

Манас шаарында “XVII Китеп фестивалы – 2026” салтанаттуу түрдө өттү

Жалал-Абад областтык китепканасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата жана 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Манас шаарынын “Азаттык” аянтында эл аралык деңгээлдеги ири иш-чара уюштурулду. Бул фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана КР Мамлекеттик китеп палатасынын демилгеси менен ишке ашты. Фестивалдын алкагында “Адабият – достуктун көпүрөсү” аттуу конференция болуп өттү. Иш-чарага Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышты.

 Бүгүнкү күндөгү китеп окуу маданияты жана басма тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Кафедра башчысы, доцент Г. Бакирова сөз сүйлөп, областтык китепкананын 100 жылдык тарыхый жолуна токтолуп, жамаатка чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Өлкөбүздүн алдыңкы басмакана өкүлдөрү өздөрүнүн жаңы долбоорлору жана китеп чыгаруудагы заманбап жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө өзгөчө ийгиликтер белгиленди. Алсак, кафедранын доценти Г. Көчөровага анын эки илимий эмгеги үчүн автордук укукту тастыктаган мамлекеттик күбөлүктөр тапшырылды.