1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

Бүгүнкү лекциянын коногу Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Маразыков Турусбек Сейдакматович болду. Ал Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилиндеги студенттерге “Азыркы кыргыз тили” курсу боюнча кезектеги конок лекциясын өттү. Окумуштуунун лекциясы “Азыркы кыргыз тилинин теориялык маселелери” деп аталып, анын мазмунун кыргыз тил илиминин бүгүнкү күндөгү актуалдуу проблемалары түздү. Алардын ичинде кыргыз тилинин тыбыштык системасындагы жана грамматикалык курулушундагы такталып, толуктоону, алдыда колго алып, изилдөөнү талап кылган маселелердин бар экендиги ортого салынды. Ал сыяктуу илимий көйгөйлөрдүн тилди окутуу практикасындагы орду, мааниси боюнча лектор менен студенттердин  ортосунда кызыктуу баарлашуу болду.

Болочоктогу филологдор үчүн окуган кызыктуу жана пайдалуу лекциясы үчүн белгилүү окумуштуу Т.С.Маразыковго окуу жайдын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди.