1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

ЖОЖдор аралык академиялык мобилдүүлүк: Филология багытындагы конок лекция

2025-2026-окуу жылынын планына ылайык, жогорку окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо жана тажрыйба алмашуу максатында Заманбап Эл аралык университетинде кызыктуу лекция болуп өттү.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты А. Оморов Заманбап Эл аралык университетинин Тилдер кафедрасынын 3-4-курстарынын студенттерине конок лекция өттү.

Лекциянын мазмуну “Этиштин өзгөчө формалары жана алардын синтаксистик кызматы” деген темада болуп, анда кыргыз тилинин грамматикасындагы татаал жана маанилүү маселелер терең талдоого алынды. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты жана темага байланыштуу жандуу талкуу жүргөндүгүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу жайдын жетекчилиги мындай кесипкөй байланыштар билим берүүнүн сапатын жогорулатууда чоң мааниге ээ экенин белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чаранын соңунда Тилдер кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Н. М. Эсенова окуу жайдын ректоратынын атынан А. Оморовго мазмундуу лекциясы үчүн атайын Сертификат тапшырды.