1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Студенттери ишембиликте жигердүүлүгүн көрсөтүштү

2026-жылдын 18-апрель күнү окуу жайыбыздын ички тартибине жана жылдык планына ылайык, кезектеги жазгы ишембилик жогорку деңгээлде болуп өттү. Аталган иш-чарага биздин кафедранын студенттери өзгөчө даярдык жана чоң жоопкерчилик менен катышып, өздөрүнө бекитилип берилген аймакты иретке келтирүүгө өзгөчө салым кошушту. Ишембиликтин жүрүшүндө студенттер бир гана тазалык иштери менен чектелбестен, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө багытталган бир катар жумуштарды аткарышты. Тактап айтканда, аймактагы куураган чөптөр жана таштандылар толугу менен тазаланып, атайын бөлүнгөн жайларга чыгарылды. Ошондой эле, эстетикалык көрүнүштү жакшыртуу жана бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо максатында актоо иштери сапаттуу жүргүзүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттерди эмгекти сүйүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого жана коомдук иштерге активдүү аралашууга үндөө болуп саналат. Студенттердин бирдиктүү иштеши алардын ортосундагы достук мамилени да чыңдайт. Мындай демилгелер окуу жайыбыздын аймагын гана тазартпастан, жаш муундун аң-сезиминде экологиялык маданияттын калыптанышына чоң өбөлгө түзөт. Мындан ары да кафедранын жамааты тазалыкты сактоо жана жашылдандыруу иштерине туруктуу түрдө салым кошуп турмакчы.