1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

53

1

ЖАМУнун студенттери республикалык олимпиадада жеңишке жетишти

17-апрелде “Улуттук дем –дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыкты жүзөгө ашыруу алкагында Заманбап эл аралык университетинде уюштурулган  республикалык ЖОЖдор аралык студенттер арасында “Улуттук уңгу – улуттун келечеги” аталышындагы мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада болуп өттү. Ага республкадагы 9 жогорку окуу жайдан суденттер  катышты.      Олимпиадага “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинен Филология институтундагы кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын "Мамлекеттик тил"  ийриминин мүчөлөрү -  ТИББ(Б)-1-25 тайпасынын студенттери Жорабаев Жавохир, Кочконбаева Аксана, П-1-25 тайпасынан Авбакирова Дилнозалар катышты. Олимпиаданын жүрүшүндө  жобого ылайык "Курманбек" эпосу боюнча видео тасма жасоо, көркөм окуу, жат жазуу, топтук долбоор иштеп чыгуу тапшырмалары берилди. Биздин студенттер топтук долбоор иштеп чыгуу тапшырмасын мыкты даярдашып, "Мыкты видео тасма" номинациясында 1-орунду ээлешп, Ардак грамота жана баалуу сыйлык менен сыйланышты.  Топту окуу жайдын мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адиси У. Т. Кайкыева жана ийрим жетекчиси улук окутуучу Г. Т. Каленбекова жетектеп барышты. Уюштуруу  тобу жетекчилерге жана ар бир студентке Ыраазычылык кат менен ыйгарды.