1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

Кыргыз тили жана адабияты адистигинин бүтүрүүчү тайпаларына сурамжылоо жүргүзүлдү

2026-жылдын 15-апрелинде Филология институтунун күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө билим алып жаткан КТ-1-22, КТс-1-21, КТс-2-21 тайпаларынын бүтүрүүчү студенттери арасында анкетирование (сурамжылоо) жүргүзүлдү.

Иш-чаранын максаты – студенттердин окуу процессине болгон көз карашын, билим сапатын, кесиптик даярдыгын жана келечек пландарын аныктоо, ошондой эле окуу жайдын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды чогултуу болду.

Анкета студенттердин жалпы маалыматын, кесип тандоо себептерин, окутуунун сапатын, мугалимдердин ишмердүүлүгүн, материалдык-техникалык базаны жана өндүрүштүк практиканын деңгээлин камтыды. Анкетирование анонимдүү негизде жүргүзүлүп, жабык, ачык жана баалоо шкаласындагы суроолор колдонулду.

Жыйынтыгында алынган маалыматтар билим берүү сапатын жогорулатууга, окуу программаларын өркүндөтүүгө жана студенттер үчүн шарттарды жакшыртууга багытталат.