1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

Жалпы билим берүүчү мектептериндеги кесипке багыттоо иш-чаралары

2026-жылдын 15-апрель күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессор-окутуучуларынын мүчөлөрү  Сузак районундагы бир катар жалпы билим берүүчү мектептеринде кесипке багыттоо иш-чараларын өткөрүп келишти. Иш-чарага кафедранын профессор-окутуучулар курамынан профессор И. Абдувалиев, улук окутуучу Г.Т. Каленбекова жана окутуучу Г.О. Кудайкулова катышты.

Кесипке багыттоо жолугушуулары Сузак районундагы №9 И.В. Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде, №33 Р. Исманалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-комплексинде, №52 Турат Арзыкулова атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жана У. Абдукаимов атындагы №8 жалпы орто билим берүүчү мектебинде уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – бүтүрүүчү окуучуларга жогорку окуу жайларындагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү, алардын келечектеги кесип тандоосуна багыт көрсөтүү жана кыргыз тили жана адабияты адистигине кызыгууну арттыруу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар университеттин түзүмү, Филология институтундагы билим берүү багыттары, окуу процесси, студенттик жашоо, илимий-изилдөө иштери жана эл аралык байланыштар тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле кыргыз тили жана адабияты адистигинин өзгөчөлүктөрү, анын коомдогу орду, эмгек рыногундагы мааниси жана бүтүрүүчүлөр үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Профессор И. Абдувалиев өз сөзүндө кыргыз тили – улуттун руханий байлыгы экенин белгилеп, жаштарды эне тилди терең үйрөнүүгө жана аны өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды. Ал эми улук окутуучу Г.Т. Каленбекова жана окутуучу Г.О. Кудайкулова окуучуларга студенттик турмуш, окуу процессиндеги өзгөчөлүктөр, практика өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мисалдар менен айтып беришти.

Жолугушууда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, толук жоопторду алышты. Айрыкча кабыл алуу шарттары, гранттык жана контракттык орундар, окууга тапшыруу тартиби боюнча маалыматтар окуучулар үчүн пайдалуу болду.

Мектеп администрациясы жана мугалимдер жамааты мындай иш-чаралар окуучулар үчүн абдан маанилүү экенин белгилешип, университет менен мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында, өткөрүлгөн кесипке багыттоо иш-чаралары окуучулардын жогорку билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, туура кесип тандоосуна өбөлгө түзгөн мазмундуу жана пайдалуу жолугушуулардан болду.