1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

Профессор В.С.Акматова конок лекцияда

2026-жылдын 10-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилиндеги студенттерге Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Акматова Венера Сайпидин жаңы кыргыз адабияты предметинен “Адабиятты изилдөө жана окутуунун методологиясы: Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын контекстинде” деген темада кезектеги конок лекциясын өттү. Кызыктуу лекция студенттердин активдүүлүгүн арттырып, суроо-жооптор менен коштолгон иштиктүү баарлашуу жүрдү.

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу лекция өткөндүгү үчүн профессор В.С.Акматовага окуу жайдын жетекчилигинин атынан Ыраазычылык катын жолдошту.