1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

Мектеп окуучуларына кесиптик багыт берилди

Бүгүнкү күндө туура кесип тандоо — ар бир бүтүрүүчүнүн алдындагы эң жооптуу милдет. Ушул максатта, Филология институнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын мүчөлөрү Г.Көчөрова, У.Омурзаковалар Сузак районуна караштуу №6 Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясы, №46 Б.Алыкулов атындагы жалпы жалпы билим берүү орто мектеби, №4 Б.Шамшиев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби, №26 Хамза атындагы билим берүү орто мектеби, № 35 Комсомол жалпы билим берүү орто мектеби, С.Атабеков атындагы жалпы орто мектептерине барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрүп келишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга азыркы суроо-талап жогору болгон кесиптер, окууга тапшыруунун тартиби, окуу жайдын, кыргыз тили жана адабияты профилинин  студенттеринин жетишкендиктери  тууралуу кенен маалымат берилди. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, кесип тандоо боюнча пайдалуу кеңештерди уга алышты.