1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 часов назад

17

Алыскы аймактарда кесипке багыт берүү

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев 6-апрель күнү Ала-Бука районундагы Орток-Бел айыл аймагындагы № 17 А.Жуманазаров атындагы, Айры-Там айыл аймагындагы № 19 М.Алымбеков атындагы, № 20 “Ажек”, № 26 Жаңы-Шаар жалпы билим берүүчү орто мектептеринде болуп, 9-11-класстын окуучулары менен  кесипке багыт берүү максатында жолугушууларды өткөрдү.

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин материалдык-техникалык базасы, илимий-усулдук потенциалы, кылым карыткан тарыхы, профессордук-окутуучулук курамы жана университеттин алдындагы институттар, колледждер, алардагы кесиптер тууралуу  кеңири маалыматтарды берүү менен илим, технология өсүп жаткан учурда заманбап кесиптерди туура тандап, биздин окуу жайдан окууну сунуштады жана окуучулардын суроолоруна жооп берди.

7-апрель күнү Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу В.И.Ленин атындагы жатак мектебинде жана Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде жогоркудай мазмундагы жолугушууларды өткөрүп келди