1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 часа назад

13

Олимпиада – 2026

2026-жылдын 8-апрелинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинде “Олимпиада – 2026” аталышындагы университеттик деңгээлдеги студенттик олимпиада өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты, студенттердин теориялык жана практикалык билимдерин текшерүү аркылуу алардын даярдык деңгээлин аныктоо, логикалык, аналитикалык жана креативдүү ой жүгүртүүлөрүн калыптандыруу менен бирге, өзгөчө жөндөмү бар студенттерди тандап алып, аларды колдоо жана өнүктүрүү. Ошондой эле университеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, байланыштарды бекемдөө болду.

Олимпиада эки тур менен өткөрүлдү: профилдик жана профилдик эмес.

Профилдик тур - кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуган студенттер үчүн болду. Мында, адистик боюнча татаал деңгээлдеги суроолор берилип, катышуучулардын кесиптик деңгээли бааланды.

Профилдик эмес турда башка адистиктерде окуган бирок, кыргыз тили жана манас таануу сабактарын предмет катары окуган студенттер үчүн уюштурулду. Негизинен суроолор кыргыз тили жана манас таануу (адистик эмес) сабагынан жеңил жана орто деңгээлде суроолор берилип, алардын жалпы билим деңгээлин аныктоого багытталды.

Олимпияданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Профилдик эмес тур:

кыргыз тили боюнча баштоочу тайпа

1-    орун – П-1-25 тайпасынын студент Абакирова Дилноз жетекчиси: Кудайкулова Г.

2-    орун – ТИББ(Б)-1-25 тайпасынын студенти Жоробаев Жавохир жетекчиси: Каленбекова Г.

3-    орун – ЛАК-2-25 тайпасынын студенти Мамаджанова Жасмина жетекчиси: Имаралы кызы Н.

Кыргыз тили боюнча улантуучу тайпа

          1-орун – ЛАК-2-25 тайпасынын студенти Тухтабаева Бермет жетекчиси: Имаралы кызы Н.

          2-орун – ЧТ-1-25 тайпасынын студенти Токтоназарова Айзирек жетекчиси: Кудайкулова Г.

          3-орун – ЛАК-1-25 тайпасынын студенти Жапаралиева Айзада жетекчиси: Омурзакова У.

Манас таануу предмети боюнча (профиль эмес)

          1-орун – ЧТ-1-24 тайпасынын студенти Сапарбаева Бумайрам жетекчиси: Омурзакова У.

          2-орун – НТ-1-24 тайпасынын студенти Өсөрова Нуркыз жетекчиси: Кочорова Г.

          3-орун – НТ-1-24 тайпасынын студенти Муратова Чолпон жетекчиси: Кочорова Г.

Профилдик тур:

Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча:

1-    орун – КТ-1-23 тайпасынын студенти Кубанычбекова Бактынур жетекчиси Бакирова Г., Шерипбаев А.

2-    орун – КТ-1-24 тайпасынын студенти Нуралиева Айназик жетекчиси: Бакирова Г., Шерипбаев А.

3-    орун – КТ-1-24 тайпасынын студенти Рысбаева Зарина жетекчиси Бакирова Г., Шерипбаев А.

Манас таану (профиль) боюнча:

      1-орун – КТ-1-24 тайпасынын студенти Батырбекова Айгүл жетекчиси: Шерипбанев А.

      2-орун – КТ-1-24 тайпасынын студенти Шакиржанова Зебо жетекчиси: Шерипбаев А.

      3-орун – КТ-1-24 тайпасынын студенти Базарбаева Айсалкын жетекчиси: Шерипбаев А.

Жеңүүчүлөр университеттин граммоталары менен сыйланып, алардын жетишкендиктери бааланды.

“Олимиада -2026” студенттер үчүн маанилүү иш-чаралардын бири болуп, өзгөчө мааниге ээ болду.