1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

Магистранттар башкаруу практикасына жөнөтүлдү

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ФББ(Кт) маг-1-25 тайпасынын магистранттары окуу планына ылайык 2026-жылдын  6-апрелинен 18-апрелге чейин   2 жумалык мөөнөткө башкаруу практикасын өтөө үчүн белгиленген мектептерге жөнөтүлдү. Конференциянын алкагында башкаруу практикасы алдындагы конференцияга магистранттар толугу менен катышып, практиканын максаты, милдеттери, практиканттын милдеттери, практиканын жыйынтыгы боюнча отчеттук документтердин тизмеси менен таанышып практиканын жол картасын  алышты. Ошону менен бирге, практика учурундагы милдеттери менен да кеңири тааныша алышты. Алсак, мектептин башкаруу системасы, администрациясы, мугалимдер жамааты, практика өтүлүүчү мектептин схемасы, жалпы мектепке тиешелүү иш кагаздар, стратегиялык планы, министрликтен келген буйруктар, жоболор (беш жыл аралыгында келгендер, акыркы окуу жылда келген) менен таанышуу жана анализ жасоо менен бирге мектептин түзүмү жана башкаруу системасы жөнүндө жалпы маалымат алып, мектептин уставын, ички тартип эрежелерин, жылдык иш планын, нормативдик-укуктук документтерин талдап, башкаруу документтеринин түрлөрүн изилдөө сыяктуу бир катар иштер жүктөлдү.

Практиканы уюштуруу жана өткөрүүдө филология институтунун директору. ф.и.к. Ч.Асылбекова, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К. Бакирова жана кафедра мүчөлөрү катышышты.