1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

21

Жумуш ордунда окутуу уланууда

            2026-жылдын 26-март күнү КТ-1-23 тайпасына Кыргыз адабиятын окутуунун усулу дисцилинасынан «Лирикалык  чыгарманы талдоону окутуу» деген темада кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Уулкан Омурзакова практиканын базасында жумуш ордуна окутуунун алкагында сабак өттү. Студенттерге А.Осмоновдун ырлары боюнча түрдүү инновациялык тапшырмалар берилди. Студенттер кызыгуу менен иштешти. Андан кийин тайпа «Каганат», «Мурас», «Кут билим» аттуу топторго  бөлүнүп “JeopardyLabs” платформасы менен түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Мында топтор жүз баллдан беш жүз баллга чейин суроолорду тандашат. Туура жооп берсе, ошол балл өздөрүндө калат. Туура эмес жооп берсе, туура жооп берген топко балл берилет. Оюндун аягында «Кут билим» тобу 1800 упай менен жеңишке ээ болду.

            Практиканын базасындагы жумуш ордундагы сабак өтүүгө ААООиОП «Сапаттуу билим» тышкы балоо агенттигинин мүчөсү В.Суркеева, Манас шаарындан Ж.Болотов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ж. Кебекова,  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу А.Шерипбаев, окутуучу Г.Кудайкуловалар катышты. Сабакка катышкандар сабактын эң жакшы болгондугун, студенттердин абдан активдүүлүгүн белгилеп өтүштү.