1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

34

Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы: Ачык сааттагы инновациялык ыкмалар

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Г.Т. Каленбекова КТ-1-22 тайпасынын студенттерине "Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы" предмети боюнча "Сөз түркүмдөрү" деген темада ачык практикалык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин практикада көрсөтүп, заманбап технологияларды колдонуу менен төмөнкү иштерди аткарышты:

Студенттер А. Мустапакулова жана А. Өмүралиева зат атооч, сын атооч жана сан атоочтор боюнча тереңдетилген видеослайддарды даярдап, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

Топтун мүчөлөрү түрк тилдериндеги мультфильмдерди кыргыз тилине которуп, өздөрү үн коштоп (дубляж) көрсөтүп беришти. Бул ыкма тил үйрөнүүдөгү практикалык көндүмдөрдү жогорулатууга багытталды.

Түрк тилдеринин ичинен татар жана башкыр тилдеринин сөз түркүмдөрүндөгү окшоштуктар жана өзгөчөлүктөр боюнча атайын видео-материалдар сунушталды.

Сабакка филология илимдеринин доктору, профессор Ибраим Абдувалиев катышып, студенттерге кызыктуу суроолорду узатуу менен бирге талкууга жигердүү катышты. Сабактын соңунда профессор студенттердин даярдыгына жана чыгармачылык мамилесине жогору баа берип, ийгиликтерди каалады.

Жыйынтыгында, мындай практикалык ачык сааттар студенттердин түрк тилдеринин түзүлүшүн терең түшүнүүсүнө гана эмес, алардын заманбап технологияларды колдонуу менен изилдөөчүлүк жана чыгармачылык жөндөмдөрүн арттырууга чоң өбөлгө түздү. Кафедранын окутуучулары жана коноктор келечектеги адистердин даярдыгына жогору баа берип, билим берүүдөгү жаңы ыкмалардын натыйжалуулугун белгилешти