1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

ЖАМУ менен ОшМУнун Кыргыз тили жана адабияты кафедралары ортосунда келишим түзүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы менен Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тил илими, Кыргыз адабияты, Окутуунун технологиялары жана Факультеттер аралык кыргыз тили кафедраларынын, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Кыргыз филологиясы кафедрасынын ортосунда окуу-усулдук, илим изилдөө жана маданий байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн келишимдердин ишке ашырылышы боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова катышып, келишимдердин негизинде кафедралар арасында алдыда аткарылуучу максат, милдеттер белгиленди.