1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Кесиптик-базалык практикага жиберүү алдындагы конференция

2026-жылдын 18-март күнү КТс-1-22 тайпасынын студенттерин кесиптик-базалык практикага жиберүү алдындагы конференция болуп өттү. Аталган иш-чарага кафедра башчысы, практика жетекчилери жана тайпанын студенттери катышышты.

Конференциянын негизги максаты - студенттерди алдыдагы практикага даярдоо, анын мазмуну, максат-милдеттери жана уюштуруу маселелери тууралуу толук маалымат берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра башчысы сөз сүйлөп, практика учурунда студенттердин кесиптик калыптануусундагы маанисине токтолуп, практика - теориялык билимдерди бекемдөөчү жана болочок мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүчү негизги этап экендигин белгиледи.

Андан соң практика жетекчилери чыгып сүйлөшүп, практиканын өтүү тартиби, мөөнөттөрү, талаптары жана баалоо критерийлери боюнча кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле студенттерге керектүү документтердин тизмеси, күндөлүк жүргүзүү эрежелери, сабакка даярдануу, окуучулар менен иш алып баруу жана мектеп администрациясы менен туура кызматташуу боюнча пайдалуу кеңештер айтылды.

Конференцияда өзгөчө көңүл студенттердин кесиптик этикасына, жоопкерчилигине жана билим берүү мекемесинде өзүн алып жүрүү маданиятына бурулду. Студенттерге мугалимдин сырткы келбети, сүйлөө маданияты, окуучулар менен мамиле түзүү ыкмалары тууралуу да сунуштар айтылды. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Жыйындын соңунда студенттерге практиканы жогорку деңгээлде өтүү, теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу жана келечектеги кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгы белгиленди. Конференция жогорку деңгээлде өтүп, өз максатына жетти.