1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Кесиптик-базалык практиканын жыйынтыгы

2026-жылдын 18-март күнү Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-23 тайпасынын студенттеринин кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга кафедра башчысы, Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Жолдошалиева Н.С., практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика мезгилинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңири отчет беришип, мектептерде өткөн сабактары, колдонгон окутуу ыкмалары жана алган практикалык тажрыйбалары тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле алар өздөрүнүн окуу-илимий иштери боюнча да кеңири токтолуп, изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын, темаларынын актуалдуулугун жана практикалык маанисин белгилеп өтүштү.

Катышуучулар тарабынан студенттердин ишмердүүлүгүнө баа берилип, алардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, сабак өтүүдөгү чеберчилигин арттыруу боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Айрым студенттердин чыгармачыл мамилеси, изденүүсү жана активдүүлүгү өзгөчө белгиленип өттү.

Жыйынтыгында конференция мазмундуу жана жогорку деңгээлде өтүп, студенттер үчүн тажрыйба алмашуу, өз билимдерин бекемдөө жана кесиптик жактан өсүү үчүн маанилүү аянтча болду. Мындай иш-чаралар келечектеги мугалимдердин сапаттуу даярдалышына өбөлгө түзөт.