1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

Кезектеги конок лекция

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты профилинде окуп жаткан 4-курстун студенттерине жалпы тил илими предметинен “Тилдин белгилик мүнөзү” деген темада конок лекция өттү.  Лекциянын мазмунун семиотика илиминин калыптанышындагы орчундуу маселелер, адамдардын пикир алышуусун тейлөөдө тил менен белгилер системасынын ролу, тилдин, белгилер системасынын жалпылыктары менен айырмачылыктары жана алардын бири-биринен артыкчылык жактары жөнүндөгү маалыматтар түздү.

Сабакка катышкан тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер лекциянын материалында студенттер, жалпы эле тил илимине кызыккандар үчүн маанилүү, пайдалуу маалыматтар берилгендигин белгилешип, кызыктуу талкуу уюштурулду. Окуу жайдын ректору, э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков жетектеген жамаат доцент Г.К.Бакированы жылуу кабыл алып, кызыктуу сабак өткөндүгү үчүн ыраазычылык катын, белектерин тартуулашты.