1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Практиканттарды жумуш ордунда окутуу

2026-жылдын 12-мартында «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти филология илимдеринин кандидаты Д.И.Алтаева жумуш ордунан окутуунун алкагында Манас шаарындагы №7 Алым Усман атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде  “Түрк тилдериндеги фонетикалык, морфологиялык өзгөчөлүктөрдү кыргыз тили сабагында  салыштырып окутуу” деген темада лекция өттү. Лекция абдан кызыктуу өттү. Түрк тилдерин изилдөөдө типологиялык белгилерине карап изилдөө алгылыктуу экени баса белгиленди. Тарых менен тилди бирдикте кароо, ошону менен бирге эле түрк тилдеринин таралышы, түрк урууларынын таралышы, алардын маданияты, тарыхы кеңири баяндалды. Түрк тилдеринин азыркы күндөгү саны, ошондой эле өлүү тилдер, жок болуп бараткан тилдер, жок болуу алдында турган тилдер жөнүндө кеңири маалымат берилди. Тилдин өнүгүү доорлору жөнүндө кеңири баяндама жасалды. Суроо-жооп иретинде көптөгөн маселелер талкууланды. Студенттердин, окуучулардын да кызыгуусу артып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алуу менен бирге, ыраазычылыктарын да билдиришти.