1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Студенттердин практикадагы ачык сааттарын көрүү

Филология институтунун КТ-1-23 тайпасынын студенти Жанадилова Бибинур Мырзашовна Манас шаарындагы №7 Алым Усман атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кесиптик–базалык практикасында болду. 12-март күнү саат 08:40 да кыргыз адабияты сабагынан 9-класстарга А.Осмоновдун өмүр чыгармачылыгы боюнча ачык сабак өттү. Практикант, алган теориялык билимин практика менен айкалыштыра алганын сабак өтүүдө байкалды. Сабакты уюштурууда жагымдуу маанай тартуулай алды, гендердик этиканы сактады. Жаңы теманы түшүндүрүүдө досканы, панелди, сүрөттөрдү пайдаланып, сүрөттөр сүйлөсүн деген ыкманы мыкты деңгээлде колдоно алды. Топ менен иштөөдө мыкты чеберчилик менен иш алып барды. Сабак өз максатына жетти деп деп бааланды. Ушул эле күнү аталган мектептин 11-класстарына кайрадан Жанадилова Бибинур Мырзашовна кыргыз тили сабагынан “Текст менен иштөө” деген темада ачык сабак өтүп берди. Практиканттын сүрөттөр менен иштөө ыкмасы абдан жогорку баага татыды. Анткени сүрөт аркылуу баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө, сабакка болгон кызыгуусун арттырууда, сабакка көңүл буруусун калыптандыра турганын эске алып туура пайдаланды. Сабак өз максатына жетти, убакытты да туура пайдалана алды. Практика жетекчиси ф.и.к., доц.м.а. Д.И.Алтаева катышып келди.