1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Кесиптик-базалык практиканын жүрүшүндөгү ачык сааттар

Филология институтунун КТ-1-23 тайпасынын студенти Замирбекова Айтурган Нуркамиловна Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесиптик–базалык практикасында болду. 11-март күнү саат 13:30 да кыргыз адабияты сабагынан 6”в”- класстарга Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести боюнча ачык сабак өттү. Практикант, алган теориялык билимин практика менен айкалыштыра алганын сабак өтүүдө байкалды. Сабакты уюштуруу, сабактын максат, милдеттери так коюлуп, убакыт туура пайдаланылды. Сабакты интерактивдик ыкмалар менен өтүүдө практиканттын балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алганы байкалды. Сабак көргөзмөлүү, б.а. итерактивдүү доска, сүрөттөр, карточкалар, плакаттар ж.б. колдонуу менен өтүлдү. Практика жетекчиси ф.и.к., доц.м.а. Д.И.Алтаева катышып келди.