1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Практиканттардын ачык сабагына катышуу

Филология институтунун КТ-1-23 тайпасынын студенти Жээнбек кызы Анжелика Манас шаарындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесиптик–базалык практикасында болду. 11-март күнү саат 8:00 дө кыргыз тили сабагынан 8-класстарга “Сүрөттөөнүн объектиси” деген темада ачык сабак өттү. Практикант теориялык жактан алган билимин практика жүзүндө методикалык ыкмаларды колдонуп, окуучуларга теманы түшундүрүүдө жеткиликтүү кылып бере алды. Сабактын максаты так аныкталган жана туура коюлган. Балдар менен иштөөдө ар бир балага жекече мамиле түзө алды. Сабакта панель, доска, плакаттар, корточкалар да колдонулуп, суроо-жооп иретинде жандуу сабак  өтүлдү. Практика жетекчиси ф.и.к., доц.м.а. Д.И.Алтаева катышып келди.