1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Билимди практика менен айкалыштырган студенттер

2026-жылдын 11-март күнү Манас шаарындагы З.Бакиров атындагы №27 жалпы билим берүүчү орто мектеп базасында кесиптик-базалык практикасын өтүп жаткан студент Абдурасулова Асель Курвонбековна 6-класстын окуучуларына кыргыз адабияты сабагынан ачык сабак өттү.

Сабак Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасына арналды. Сабактын жүрүшүндө чыгарманын мазмуну, каармандардын образдары жана чыгарманын тарбиялык мааниси тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Окуучулар чыгарма боюнча суроолорго жооп берип, өз ойлорун билдирип, каармандардын иш-аракеттерине баа беришти. Мындан тышкары, топтук иш жана талдоо аркылуу окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артты.

Сабакка кафедра тарабынан бөлүнгөн жетекчи И. Абдувалиев жана мектеп тарабынан бөлүнгөн жетекчи Акбаралы кызы Сабира катышып, сабактын жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. Алар сабактын мазмуну жана уюштурулушу боюнча өз сунуштарын айтып, студенттин педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалашты.

Мындай ачык сабактар студенттердин практикалык тажрыйбасын бекемдеп, окуучулардын көркөм адабиятты терең түшүнүүсүнө шарт түзөт.