1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Кесиптик тажрыйбага жол ачкан студенттик практика

2026-жылдын 12-март күнү Манас шаарындагы Алым Усман атындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектеп базасында кесиптик-базалык практикасын өтүп жаткан студент Саитмаматовна Нуркыз Мирбековна 6-класстын окуучулары үчүн ачык сабак өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө кыргыз тили предмети боюнча “Сүйлөмдүн аныктоочу”, ал эми кыргыз адабияты сабагынан Алыкул Осмоновдун “Кыргыз тоолору” аттуу чыгармасы боюнча темалар каралды. Сабак учурунда окуучуларга темалар түшүндүрүлүп, ар кандай суроо-жооп, талкуу жана практикалык тапшырмалар аркылуу билимдери бекемделди. Окуучулар сабакка активдүү катышып, берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарышты.

Ачык сабакка кафедра тарабынан бөлүнгөн жетекчи Г.О. Кудайкулова жана мектеп тарабынан бөлүнгөн жетекчи Эраалы кызы Айнуска катышып, сабактын жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. Алар студенттин сабакты уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү аракетин белгилеп, педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Мындай ачык сабактар студенттердин практикалык педагогикалык тажрыйбасын арттырууга жана окуучулардын билим сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.