1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

“Акылмандыктын ачкычы” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

2026-жылдын 12-март күнү Манас шаарындагы С. Давлетов атындагы №14 жалпы билим берүүчү мектеп базасында кесиптик-базалык практикасын өтүп жаткан студент Азимбекова Айзат Замирбековна 10-класстын окуучулары үчүн Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча “Акылмандыктын ачкычы” аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрдү.

Интеллектуалдык таймаш Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча түзүлгөн суроолордун негизинде уюштурулуп, окуучулардын билим деңгээлин текшерүү жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталды. Таймаш учурунда окуучулар тил жана адабият боюнча берилген суроолорго жооп берип, өздөрүнүн билимдерин, тапкычтыгын жана ыкчам ой жүгүртүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Иш-чара кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, окуучулар активдүү катышып, командалык иштөө жөндөмдөрүн да көрсөтө алышты. Мындай интеллектуалдык оюндар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, билимди терең өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чарага кафедра тарабынан бөлүнгөн жетекчи Г.О. Куайкулова, мектеп тарабынан бөлүнгөн жетекчи А. Юлдашова жана окуу бөлүмүнүн башчысы катышып, таймаштын жүрүшүнө күбө болушту. Алар студенттин иш-чараны уюштуруудагы аракетин белгилеп, мындан аркы педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.