1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Практика – кесипкөйлүккө карай жол

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-23 тайпасынын студенттери Орозалиева Гүлзат жана Талипова Альбина Манас шаарындагы Жолболду Болотов атындагы №21 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесиптик-базалык практикада болушту.

Практиканын алкагында студенттер 10-11-март күндөрү кезектеги ачык сабактарын өткөрүштү. Иш-чарага атайын барып катышкан практика жетекчиси, улуу окутуучусу Г.Т. Каленбекова практиканттардын ишине күбө болду. Атап айтканда, студент Гүлзат Орозалиева 7-«в» классына «Байламталардын грамматикалык жана маанилик табияты, стилдик мааниси» деген темада ачык сабак өттү.

Сабак абдан динамикалуу өтүп, окуучулар байламталардын түрлөрүн гана билбестен, аларды кебинде кантип туура колдонуу керек экенин терең өздөштүрүшүп, сабакка активдүү катышты. Окуу процессине мектептеги насаатчы-жетекчи Айчүрөк Кармышакова да катышып, жаш адиске өзүнүн баалуу методикалык кеңештерин берди. Орозалиева Гүлзардын ачык саатын “жакшы” деп бааланды.

Ал эми Талипова Альбина 10-"а" классында "Баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкчанын коюлушу" деген темада жогорку деңгээлде ачык саат өттү. Сабактын жүрүшүндө жаңы тема заманбап слайддар аркылуу түшүндүрүлүп, окуучулар топтордо иштөө менен бирге дидактикалык карточкалар, текст түзүү, логикалык суроолор жана интерактивдүү оюндар сыяктуу ар түрдүү усулдар аркылуу теманы терең өздөштүрүштү. Окуучулардын активдүү катышуусу менен коштолгон бул сабакка мектептеги практика жетекчиси Дамира Ахматова да катышып, өзүнүн баалуу сунуш-пикирлерин билдирүү менен практиканттын ишин "эң жакшы" деп баалады.

Жыйынтыктап айтканда, эки практикант тең кесиптик-базалык практика учурунда өздөрүнүн терең билимин жана методикалык чеберчилигин көрсөтө алышты. Алар заманбап технологияларды жана окутуунун инновациялык формаларын натыйжалуу колдонуп, ар бир сабакты кызыктуу уюштурушту. Окуучулар менен тыгыз байланышта иштеп, кесиптик жоопкерчиликти сезе билгендиги үчүн эки практиканттын тең иши ийгиликтүү деп табылып, жогору бааланды.