1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

Аял – үйдүн куту, коомдун күзгүсү, жашоонун гүлү

           Аялдардын эл аралык майрамына карата апалардын жаштыгын эске салган ретро стилдеги концерттик программа филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын студенттери тарабынан тартууланды. Иш-чаранын башкы максаты – айымдарга жагымдуу маанай тартуулоо болду. Ар бир катышуучу өзүнүн стили менен өткөн чактын атмосферасын түзө алды.

            Иш-чаранын соңунда окуу жайдын жетекчилиги жана студенттик кеңеш бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин айтышты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай ретро-стилдеги кече муундар ортосундагы байланышты чыңдап, тарыхка жана маданиятка болгон кызыгууну арттырат.