1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Студенттин ачык сабагы ийгиликтүү өттү

            2025-жылдын 12-март күнү филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-23 тайпасынын №6 Т.Темирбаев атындагы жалпы орто мектебинде,  № 35 Комсомол орто мектебинде практика өтөп жаткан студенттери Батырбекова Диана, Абдикаримова Венера тарабынан даярдалган өзгөчө форматтагы ачык сабак болуп өттү. Сабактын башкы өзгөчөлүгү —инновациялык методдорду колдонуу болду.

Студенттин ачык сабагы ийгиликтүү өттү

Абдикаримова Венера кыргыз адабиятынан Т.Кожомбердиев “Апа” поэмасын, Батырбекова Диана кыргыз тилинен “Ат атоочтордун грамматикалык жактан бөлүнүшү” деген темада ачык сабактар өтүштү. Өтүлгөн сабакта заман талабына ылайык Kahoot, Quizizz, Case Study сыяктуу заманбап технологиялар жана усулдар колдонулду.

Университеттен бекитилген жетекчиси У.Омурзакова практиканттын материалды терең билгендигин жана классты башкаруудагы чеберчилигин, инновациялык методдор окуучулардын активдүүлүгүн гана жогорулатпастан, теманы терең өздөштүрүүгө шарт түздү деп - белгиледи