1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жумуш ордунда окутуулар уланууда

            2025-жылдын 12-март күнү филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу У.Омурзакова Сузак районуна караштуу № 6 Т.Темирбаев атындагы орто мектебинде «Каармандардын образдарын схема жана таблица аркылуу талдоо»  деген темада жумуш ордунда окутуунун алкагында сабак-семинар өттү.  Сабактын башкы темасы — адабий чыгармадагы же окуядагы каармандардын образын заманбап визуалдык куралдар (таблица, схема) аркылуу ачып берүү болду.

Текст түрүндөгү маалымат кээде өтө көлөмдүү жана кабыл алууга татаал сезилиши мүмкүн. Ал эми визуалдаштыруу каармандын ички дүйнөсүн жана тышкы көрүнүшүн системага салат, окуянын логикалык ырааттуулугун эс тутумда бекем сактайт.

Эгер чыгармада эки карама-каршы каарман болсо (мисалы, оң жана терс каарман), таблица эң мыкты курал болуп берет.