1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

ЖОЖдор арасында конок лекция уланууда

 2026-жылдын 12-март күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, фил.и.к. Г.О.Кочорова К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин  Эл аралык мамилелер  жалпы теориялык сабактар кафедрасынын студенттерине  академиялык мобилдүүлүктүн алкагында “Кыргыз тилин окутуунун усулу”  дисциплинасынан “Жазуунун түрлөрү” деген темада конок лекция өттү. Сабакка кафедра башчы, филол.и.к., доцент Э.Хурибаева, окутуучулар: улук окутуучу Дөөлөтбекова Гүлжамал Султанбековна, окутуучу Анарбай кызы Нурзада жана студенттер активдүү катышышып, темага байланыштуу кызыктуу суроо-жоопторду беришти.  Сабактын аягында студенттер лекторго ыраазычылык билдиришти.

Окуу жайдын жетекчилери окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо максаттарын, ыраазычылыктарын, тажырыйба алмашууну улантуу керектигин билдиришти. Кафедра башчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Э.Хирибаева “эң мыкты” сабак өткөндүгү үчүн доцент Г.О.Кочоровага окуу жайдын ректоратынын  атынан ыраазычылык катын тапшырышты.