1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Кесиптик-базалык практиканын ачык сабактары

КТк-1-23 тайпасынын студенти Кушназарова Нурзат кесиптик-базалык практикасын Манас шаарындагы № 4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өтөп жатат. 11-март күнү 7-В класска кыргыз тили сабагынан “Жай жана суроолуу сүйлөм” деген темада ачык сабак өттү. Жетекчиси кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев окуу жайдан усулчу катары барып катышты. Мектептеги жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамытова Гүлбара күндөлүк сабактарына усулдук жана теориялык жардамдарды берип,  сабактарына катышкандыгын билдирди.  

Кушназарова Нурзат окуучуларды сабакка  активдүү катыштыруу үчүн түрдүү дидактикалык материалдарды: оюн аркылуу окутуу, топтук иш, суроо-жооп жана "Трансформер", "Интервью" ыкмалары оюндарды ойнотуу аркылуу жаңы теманы  түшүндүрүүгө аракеттенди.

Жаңы теманы өтүүдө практикант сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди. Тиешелүү сын-сунуштар айтылып, теориялык-практикалык, усулдук кеп-кеңештер берилди. Сабак “жакшы” деп бааланды.  Практикант Кушназарова Нурзат аракетчилдигин, изденүүчүлүгүн көрсөтө алды. Сабак “жакшы” деп бааланды.