1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты студенти

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-22 тайпасынын студенти Орунбаева Бегимай КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТИ” Эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү болду.

Казакстандын “Билим коому” Улуттук инновациялык илим-изилдөө борбору менен “Жаңы Казакстан” республикалык инновациялык борбору тарабынан уюштурулган конкурста мыкты жетишкендиктери үчүн Орунбаева Бегимай мурда да катышып, “Түрк элдеринин мыкты студенти” номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Бегимай үлгүлүү жүрүм-туруму, тез кабыл алгычтыгы, ар тараптан активдүүлүгү менен айырмаланып турат.

Биз Бегимайдын ийгиликтери менен куттуктайбыз жана мындан ары да ушундай ийгиликтерди камсыз кылуусуна тилектешпиз жана ишенебиз!