1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Жаш адистерге - тажрыйбалуу насаатчыдан багыт

Манас шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кесиптик-базалык практикасын өтөп жаткан КТ-1-23 тайпасынын студенттери үчүн өзгөчө методикалык күн болду. Кыргыз тили жана адабияты  кафедрасынын улуу окутуучусу Г.Т. Каленбекова практиканттарга "Сабактын этаптары жана анын маанилүүлүгү" деген темада жумуш ордунда тереңдетилген окутуу өткөрдү.

Окутуунун жүрүшүндө студенттерге сабактын ар бир мүнөтүн туура пайдалануу, теманы терең өздөштүрүү жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу боюнча  кеңештер берилди. Өзгөчө басым инновациялык усулдарга жасалып, сабактын этаптарында заманбап технологияларды, интерактивдүү оюндарды, критикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү ыкмаларды (кластер, кейс-стади, инсерт ыкмалары) колдонуунун жолдору көрсөтүлдү.

Бул методикалык жардамдын алкагында практиканттар теориялык билимдерин инновациялык практика менен айкалыштыруу аркылуу алгачкы кесиптик кадамдарын ишенимдүү баштоого багыт алышты. Г.Т. Каленбекова белгилегендей, насаатчылык - бул келечектеги күчтүү мугалимдердин пайдубалы жана билим берүүнүн сапатын камсыздоочу негизги көпүрө болуп саналат.