1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Кесиптик-базалык практикадагы практиканттардын ачык сабактарына катышуу

Кт-1-23 тайпасынын студенти Абдыкаарова Жылдыз кесиптик-базалык практикасын Ноокен районундагы №13 Рахманжан атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде өтөп жатат.

09.03.2026. күнү ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна, мектептеги усулчу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Саматова Нуржамал, Абдыкаарова Жылдыздын кыргыз адабияты сабагынан  9-“а” классына  “Аңгеме жөнүндө түшүшүнүк”   деген темадагы ачык сабагына катыштык.

 Үй тапшырма катары берилген акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча тапшырмаларды окуучулар аткарып, суроолорго жооп беришти. Жылдыз жаңы тема боюнча окуучуларга кеңири маалымат берип, студенттерди жупта, топто иштетти.  Окутуунун жаңы технологиялык нтерактивдүү-инновациялык ыкмаларын, пайдаланды. Окуучулар жаңы темага байланыштуу аңгемелерди көркөм окушуп, чыгарманын идеялык-тематикалык мааниси, мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү. Суроо-жооптор болуп, чыгармачылык менен тапшырмаларды аткарышты. Сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди. Кыргыз адабияты сабагы боюнча жаңы тема бышыкталып, үй тапшырма берилип, окуучулар бааланды. Окутуучулар өз ойлорун айтышты. Айрым мүчүлүш жактары белгиленип, сын-пикирлер айтылды.

Кт-1-23 тайпасынын студенти Кубанычбек кызы Бактынур кесиптик-базалык практикасын Манас шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өтөп жатат.

10.03.2026. күнү ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна, мектептеги жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими Салиева Кадила, Кубанычбек кызы Бактынурдун кыргыз тили сабагынан  10- “г”классына “Практикалык жумуштар: мурда өздөштүрүлгөн же даяр үлгүнүн негизинде кыскача программа жазууга көнүктүрүү"  деген темадагы ачык сабагына катыштык. 

Кубанычбек кызы Бактынур окуучуларды сабакка активдүү катыштыруу үчүн түрдүү видео роликтерди жасап, оюндарды ойнотуу аркылуу жана “Сынчыл ойлом” программасынын негизинде түрдүү ыкмаларды пайдаланып, сабакты мыкты өттү. Майрамдарга карата программа жасоо боюнча окуучуларды  топторго бөлүштүрүп, тапшырмалар  берилип, окуучулар аткарган тапшырмалары боюнча презентация жасашты.

Кыргыз адабияты сабагы боюнча жаңы тема бышыкталып, үй тапшырма берилип, окуучулар бааланды. Усулдук кеп-кеңештер, сунуштар айтылып, сабак “эң жакшы” деп бааланды.