1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

Улут болсом, тилим менен улутмун

КТ-1-23 тайпасынын студенти Ачылбек уулу Нурзаман кесиптик-базалык практикасын Манас шаарындагы № 9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өтөп жатат. 9-март күнү 11-А класска кыргыз адабияты сабагынан Эсенгул Ибраевдин “Улут болсом, тилим менен улутмун” деген темада ачык сабак өттү. Жетекчиси кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев окуу жайдан усулчу катары барып катышты. Мектептеги жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Салиева Кадила күндөлүк сабактарына усулдук жана теориялык жардамдарды берип,  сабактарына катышууда.   

Ачылбек уулу Нурзаман окуучуларды сабакка  активдүү катыштыруу үчүн түрдүү дидактикалык материалдарды, оюндарды ойнотуу аркылуу аракеттенди. Үй тапшырма катары берилген акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча ар түрдүү тапшырмаларды аткарып жооп беришти жана С.Байгазиевдин "Шакиртиме кат" публицистикасын окуучулар көркөм окушуп, чыгарманын идеялык-тематикалык мааниси, мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү.

Жаңы теманы өтүүдө практикант көркөм окуу аркылуу абдан мыктылыгын көрсөтө алды. Сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди. Тиешелүү сын-сунуштар айтылып, теориялык-практикалык, усулдук кеп-кеңештер берилди. Сабак “эң жакшы” деп бааланды.  Практикант Ачылбек уулу Нурзамандын аракетчилдигин, изденүүчүлүгүн, акындык өнөрүн баары, сдуденттер да бир ооздон белгилешти.