1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Заманбап Эл аралык университетиндеги конок лекция

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу А.Шерипбаев Заманбап Эл аралык университетинин тилдер кафедрасынын студенттерине академиялык мобилдүүлүктүн алкагында “Кыргыз фольклорунун жана маданиятынын тарыхы” дисциплинасынан “Жусуп Мамай – кытайлык кыргыздардын жазгыч манасчысы” деген темада конок лекция өттү. Лекция суроо-жооп иретинде болуп, жалпы кыргыз адабиятынын өнүгүү доорлорун да камтыды. Сабакка студенттер активдүү катышышып, темага байланыштуу кызыктуу суроо-жоопторду берүү менен өздөрү да абдан ыраазычылык билдиришти. 

Окуу жайдын жетекчилиги окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо зарылчылыгын билдирүү менен ыраазычылыктарын билдиришти.

Кафедра башчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Н.М.Эсенова сабактын аягында улук окутуучусу А.Шерипбаевге окуу жайдын ректоратынын атайын сертификатын тапшырды.