1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

2026-жылдын 6-март күнү КТс-1-23, КТс-2-23 тайпаларынын студенттеринин адаптациялык-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты  студенттердин практика учурунда алган тажрыйбаларын талдоо, жетишкендиктерин жана кездешкен кыйынчылыктарын талкуулоо болду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары боюнча баяндамаларды жасап, билим берүү мекемелеринде алган практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар окуучулар менен иштөө, тарбиялык сааттарды уюштуруу, педагогикалык методдорду колдонуу боюнча өз ойлорун билдиришти.

Иш-чарага кафедра башчысы жана практика жетекчилери катышып, студенттердин практикалык ишмердүүлүгүнө оң баа берип, алардын келечектеги кесиптик ишинде керектүү болгон педагогикалык көндүмдөрдү калыптандырууда бул практика чоң мааниге ээ экендигин белгилешип, студенттердин мындан аркы кесиптик өнүгүүсү үчүн пайдалуу сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында практика студенттер үчүн теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга, ошондой эле келечектеги кесиптик ишине даярданууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.