1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

“Эне тил жана мамлекеттик тил” тегерек столу

“Б.Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Филология институтундагы кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын «Мамлекеттик тил» ийрими тарабынан «Эне тил жана мамлекеттик тил» аттуу тегерек стол уюштурду. Иш-чаранын максаты эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүү жана студенттердин мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөө маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Тегерек столго ф.и.д., профессор И. Абдувалиев, ф.и.к., доцент М. Р. Шакирова, англис тили кафедрасынын улуу окутуучусу Н. А. Жумабекова, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,ф.и.к., доцент Г. К. Бакирова,   институттурадан келген студенттер жана кыргыз тили жана адабияты профилинин студенттери катышты.

Иш-чараны Г.К. Бакирова ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге ийримдин максаттарына токтолду. Тегерек столдун алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызыктуу баяндамалар жасалып, талкуулар болду. Профессор И. Абдувалиев «Кесиптик багыттагы мамлекеттик тил» деген темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө төмөнкү маселелерди көтөрдү: медициналык жана техникалык терминдерди кыргызчалоодогу актуалдуу көйгөйлөр; иш кагаздарынын туура түзүлүшү жана алардын кыргыз тилиндеги сапаты.Доцент М.Р. Шакирова «Санариптик доордогу кыргыз тили» аттуу темада баяндама жасап, кызуу талкуу уюштурду. Негизги басым жасалган учурлар: социалдык тармактарда жана интернет айдыңында эне тилдин сакталышы, заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн тилге тийгизген оң жана терс таасирлери.Улуу окутуучу Н.А. Жумабекова «Үч тилдүүлүк саясаты» темасында сөз сүйлөдү. Анын баяндамасында төмөнкүдөй маанилүү ойлор айтылды: эне тилди жоготпостон, мамлекеттик жана эл аралык тилдерди тең салмактуу өнүктүрүү, дүйнөлүк атаандаштыкта адистердин чет тилдерин билүүсүнө коюлган заманбап талаптар.

Ийримдин мүчөлөрү, «Тил десанттарынын» өкүлү, КТ-1-22 тайпасынын студенти Айдана Мустапакулова коомдук жайлардагы тил маданиятына токтолду: шаардагы жарнамалардагы жана маалымат такталарындагы орфографиялык, стилистикалык каталар, тил каталарына карата жарандык позициянын маанилүүлүгүн айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда акын-студент Нурзаман Ачылбек уулу өзүнүн көркөм окуусу менен катышуучуларды тамшандырды, ошондой эле КТ-1-22 тайпасынын студенттери активдүү салымын кошушту. Ийрим жетекчиси Г.Т. Каленбекова жыйынтыктоочу сөз сүйлөп конокторго жана катышуучуларга, ыраазычылык билдирди.