1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

108

Заманбап Эл аралык университетинде конок лекция учурунда

2026-жылдын 6-февраль күнү “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, фил.и.к. Г.О. Кочорова Заманбап Эл аралык университетинин Тилдер кафедрасынын студенттерине академиялык мобилдүүлүктүн алкагында “Кыргыз тилин окутуунун усулу”  дисциплинасынан “Сабактарга тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү даярдоо боюнча усулдар” деген темада конок лекция өттү. Сабакка студенттер активдүү катышышып, темага байланыштуу кызыктуу суроо-жоопторду беришти.  

Окуу жайдын жетекчилери окуу жайлар арасындагы илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоо максаттарын, ыраазычылыктарын билдиришти.

Кафедра башчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Н. М. Эсенова сабактын аягында доцент Г. О. Кочоровага окуу жайдын ректоратынын атайын сертификатын тапшырды.