1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

“Манас”- улуттун руханий уңгусу

2026-жылдын 27-февраль күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу А.Шерипбаев Манас шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин 9-Б, В класстын окуучуларына жана Кт-22 тайпасынын студенттерине жумуш ордунда окутуу боюнча “Манас” эпосун класстан тышкаркы убакта викториналык суроолор жана тапшырмалар менен билимдерин бышыктоо максатында “Манас”- улуттун руханий уңгусу”  деген темада сабак өтүп келди. 

Учурда кыргыз адабият сабагында “Манас” эпосу боюнча республикалык деңгээлде түрдүү конкурстар өтүлүп, окуучуларды улуттук нарк-насилге, баалуулуктарга, каада-салттарга тарбиялоо, көнүктүрүү максатын көздөөдө. Ушул максатта А.Шерипбаев студенттерди республикалык, аймактык деңгээлдеги конкурстарга катышып, мыкты натыйжаларды камсыздоодо. Бул ирет студенттер менен эле эмес, окуучулар менен да айрым элементтерин пайдалануу менен иш-чара өткөрдү жана абдан пайдалуу сабак болду. Сабакка кесиптик-базалык практикада жүргөн студенттер, мугалимдер дагы катышышты. Сабак абдан натыйжалуу болду.