1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Филология институтунда илимий семинар өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунда илим бөлүмүнүн башчысы, э.и.к., доцент А.М. Жороева тарабынан илимий семинар уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө илимий макалаларды метрикадагы жаңы талаптарга ылайык жазуунун тартиби, макаланын түзүлүшү, мазмуну жана аны даярдоодо коюлуучу негизги талаптар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле илимий макалаларды эл аралык стандарттарга ылайык даярдоонун мааниси белгиленип, сапаттуу илимий эмгектерди жарыялоонун жолдору талкууланды.

Мындан сырткары окутуучуларга жана жаш изилдөөчүлөргө ORCID, Google Scholar жана ELIBRARY.RU платформаларына катталуу, автордук илимий профилдерди түзүү жана бул системалар аркылуу илимий эмгектердин цитаталануу деңгээлин жогорулатуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Семинарга институттун профессордук-окутуучулук курамы, илимий кызматкерлер жана жаш изилдөөчүлөр катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Иш-чара илимий ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана эл аралык илимий маалымат базалары менен иштөөнү жакшыртууга багытталды.