1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

 Жумуш ордунда окутуу

2026-жылдын 27-февраль күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна Манас шаарындагы №19 Иманалы Сатыбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин 8-класстын окуучуларына жана Кт-22 тайпасынын студенттерине жумуш ордунда окутуу боюнча “Кыргыз адабий тилинин өнүгүшүндө орфоэпия жана анын принциптеринин, эрежелеринин орду” деген темада сабак өтүп келди.           Студенттер менен окуучулар үчүн абдан кызыктуу сабак болду. Интерактивдүү-инновациялык окутуунун жаңы технологиялардын жардамы менен азыркы учурдун талабына ылайык жасалма интелектуалдык платформаларын сабак учурунда ыктуу пайдаланып, студенттердин жана окуучулардын  сабакка болгон кызыгуусун жана активдүүлүлүгүн артырды. Сабакка мугалимдер дагы катышышты. Мугалимдер жана окуучулар ыраазычылык билдиришти.