1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

Жаңыча талапка ылайык аракеттер

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор үчун Негизги билим берүү программасынын “Жумуш ордунда окутуу” талабына ылайык ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Д.М.Чокоева 2025-жылы 9-декабрда Манас шаардык №9 Раатбек Санатбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары менен ЖАМУнун филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин 4-курсунун студенттери менен бирге Адабият теориясы дисциплинасы боюнча “Метод, методология жана стиль” деген темада лекция өттү. Лекцияга аталган мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими К.Салиева катышты. Лекциянын жүрүшүндө берилген суроолорго окуучулар жооп берүү менен өздөрүнүн адабият боюнча түшүнүктөрү жакшы экендиктерин көрсөтүштү. Сабак аталган мектептин 24-классында өтүлдү.