1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Практиканттардын ачык сабактары уланууда

Кт-1-23 тайпасынын студенти Парпибаева Сайкал 8-февралдан бери Манас шаарына караштуу №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте кесиптик-базалык практикасын өтүүдө. 26.02.2026., күнү жазуучу К.Каимовдун 9-“В” класста “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемесин комментарийлеп окуу менен жаңы теманы ачык сабак катары түшүндүрдү.

Сабакка ЖАМУнун  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Шерипбаев Амангелди Рахманович, усулчу, доценттин милдетин аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна, мектептеги жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими Каримкулова Гулзат жана ошол мектептеги практиканттар Кубанычбек кызы Бактынур, Ачылбек уулу Нурзаман жана Абдырасулова Аселдер  кыргыз адабияты сабагына катыштык.  

Парпибаева Сайкал окуучуларды сабакка  активдүү катыштыруу үчүн түрдүү дидактикалык материалдарды, оюндарды ойнотуу аркылуу жана интерактивдүү-инновациалык методдорду пайдаланып, сабакты мыкты өттү.  Үй тапшырма катары берилген акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча ар түрдүү тапшырмаларды окуучулар аткарып, суроолорго жооп беришти. Окуучулар жаңы темага байланыштуу ырды көркөм окушуп, чыгарманын идеялык-тематикалык мааниси, мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү. Суроо-жооптор болуп, чыгармачылык менен тапшырмаларды аткарышты. Сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди.

Кыргыз адабияты сабагы боюнча жаңы тема бышыкталып, үй тапшырма берилип, окуучулар бааланды. Ошол эле класска кыргыз тилинен “Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм” деген темада кыргыз тилинен да ачык сабак өттү. Окутуучулар, практиканттар өз ойлорун айтышты. Айрым мүчүлүш жактары белгиленип, сын-сунуштар айтылды.

Практикант Парпибаева Сайкалдын ачык сабактары  “эң жакшы” деп бааланды.