1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Кесиптик-базалык практикадагы практиканттардын ачык сабагы

Кт-1-23 тайпасынын студенти Кубанычбек кызы Бактынур кесиптик-базалык практикасын Манас шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өтөп жатат.

26.02.2026. күнү ЖАМУнун  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Шерипбаев Амангелди Рахманович, усулчу, доценттин милдетин аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты Кочорова Гүлүмкан Осмоновна, мектептеги жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими Салиева Кадила, Кубанычбек кызы Бактынурдун кыргыз адабияты сабагынан  9-”г”классына Жеңижоктун "Жалгыз тал менен сүйлөшүү"  деген темадагы ачык сабагына катыштык.  

Кубанычбек кызы Бактынур окуучуларды сабакка  активдүү катыштыруу үчүн түрдүү дидактикалык материалдарды, оюндарды ойнотуу аркылуу жана интерактивдүү-инновациалык методдорду пайдаланып, сабакты мыкты өттү.  Үй тапшырма катары берилген акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча ар түрдүү тапшырмаларды окуучулар аткарып, суроолорго жооп беришти. Окуучулар жаңы темага байланыштуу ырды көркөм окушуп, чыгарманын идеялык-тематикалык мааниси, мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү. Суроо-жооптор болуп, чыгармачылык менен тапшырмаларды аткарышты. Сабакта айрыкча топтордо иштөө жакшы натыйжа берди.

Кыргыз адабияты сабагы боюнча жаңы тема бышыкталып, үй тапшырма берилип, окуучулар бааланды.

Усулдук кеп-кеңештер, сунуштар айтылып, сабак “эң жакшы” деп бааланды.